Cat-1

Cat-2

Cat-3

Cat-4

» » Жаңы «ДЕМ»

dem
Мындан эки жыл мурун «Сорос-Кыргызстандын» жардам менен«Дем» сайтын жасаттык элек. Негизги максатыбыз — сайты жок ЖМКларга материалдарын интернетке жайгаштыруу менен жаңы окурмандарды табууга жардам берүү болчу. Бүгүн бул сайт дагы бир жасалгаланып, мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатат.
Баштапкы «Дем» сайтыбыздын да артыкчылыктары арбын болгон:
- анда катталуу жеңилден жеңил;
- ар-бир катталган ЖМКнын сайтта өз аккаунту (кабинети)ачылып, анда окурман бул ЖМК тууралуу керектүү маалыматтарды алалат;
- кайсы материалды бул сайтка жайгаштыруу керектигин ар-бир ЖМК өз алдынча чечет;
- бул сайтка материалдарын кыргыз, орус жана англис тилиндеги ЖМКлар жайгаштыра алат;
- интернети начар болгон ЖМКларга жакшы мүмкүнчүлүк каралган — сайтта катталуу учурунда берилген атайы бир электрондук дарекке катты жөнөтүү аркылуу материалдарды сайтка жайгаштырса болот.
Окурмандар үчүн да бул сайт кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет эле.
Көптөгөн ЖМКларды сатып алып отурбай, же алардын сайттарына кирип отурбай, алардын материалдары менен бир сайттан таанышса болот. Эскерте кетсек, учурда бул сайтта Кыргызстандын бардык булуң-бурчунда жайгашкан 50гө жакын ЖМКлар, сайттаркатталган. Бардыгы такай негизде материалдарын жайгаштырып турушпаса да, мындай мүмкүнчүлүк башка эч бир сайтта каралган эмес. Бул жерге материалдарын жайгаштырып турганга азырынча кош көңүл мамиле кылып жаткандар жакында жакында мамилесин өзгөртөт го деген ойдобуз. Анткени замандын талабы боюнча, интернетте жок ЖМКлар — башка ЖМКлар менен атаандаштыкты толук уттуруп коюшу мүмкүн.
Сайты бар ЖМКлар үчүн да «Дем» сайты пайдалуу болушу мүмкүн — жаңы окурмандарды табууга жакшы өбөлгө болуп бере алат. Сайтыбызга кирген адамдардын саны ай сайын өсүүдө.
Ошону менен катар эле окурман ар-бир материал боюнча өз пикирин айта алат. Бирок аны үчүн биз анын сайтта катталуусун суранабыз. Мындай кадамга барганыбыз — бул сайтта ар-бир иш боюнча гана адам жүйөлүү сүйлөп турса дейбиз.
Эми бул мүмкүнчүлүктөр IMS уюмунун колдоосу менен дагы бир топ кеңейди:
- сайтта материалдарын жайгашы, алар менен таанышуу жолдору жакшытылды;
сайттын мобилдик түрү ачылды — окурманбыз каалаган уюлдук телефон менен (эски телефондук аппараттардан заманбап смартфондорго чейин) мобилдик интернет аркылуу сайтыбызды женил ачып окуй алат;
- эми ар-бир окурман өз жаңылыктары менен бөлүшө алат - жаңылыкты сүрөтү менен жайгаштуруунун жеңил жолу каралган.  
«ДЕМ» сайтыбызга кирип мүмкүнчүлүктөрүн баалап көргүлө.
«
Предыдущий пост
Следующее
»
Следующий пост
Предыдущее

Комментариев нет

Журналистика

Cat-5

Cat-6